Кыргызстанда 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата арасындагы автожол убактылуу тосулат. Бул тууралуу өлкө президентинин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирип өттү.
Жол чектөөлөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары маалында жүргүзүлөт.
Ошондой эле, аталган күндөрү борбордук азия жана азербайжан мамлекет башчылары катышкан " Борбор Азия — Азербайжан " саммити өткөрүлөт.
Алагозов калкты жана жолду колдонучуларды эл аралык маанилүү иш-чараларга байланыштуу убактылуу жол чектөөлөрүнө түшүнүү менен карап, сабырдуулук кылууга чакырды.





