Бүгүн жана эртең «Тамчы» аэропортунан Чолпон-Атага бара турган жол кээде тосулуп турат.
Бул чаралар Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин расмий сапарларына байланыштуу уюштурулуп жатат.
Ошондой эле, бул күндөрү Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын башчыларынын неформалдык консультативдик жолугушуусу өтөт.
Айдоочуларга жол кыймылынын бөгөттөлүшү мүмкүн болгондуктан, алдын ала маршруттарын туура пландаштыруу сунушталат.


