Бишкектеги №64 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушунда социалдык тармактарда бетондун стяжкасы сөңгөйүп, иштер сапат талаптарына жооп бербейт деген маалыматтар тарады.
Кыргызстандын Өнөр жай, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги аталган мектептин курулушундагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.
Түшүндүрмөгө ылайык, видеодо көрсөтүлгөн бөлмө мектептин 4-блоктун биринчи кабатында жайгашкан.
Министрлик учурда бул бөлмөдө иш жүрүп жатканын маалымдады жана иштин сапаты боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
Аталган кырдаал боюнча кеңири маалыматтар жана акыркы чечимдер кийинчерээк жарыяланат.





