2026-жылдын 23-июлунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев жана министрликтин орун басары Виктория Мозгачова Корея Республикасынын Lambino IT компаниясынын башкы директору Ли Су Ёнг менен жолукту.
Жолугушууда Баймурзаев министрликтин билим берүүнү реформалоо, анын ичинде Бирдиктүү санарип билим берүү экосистемасын түзүү боюнча жүргүзүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында окуучулардын, мугалимдердин, жетекчилердин билим деңгээлин баалоо үчүн заманбап тестирлөө борборлорун түзүү иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Ли Су Ёнг компаниясынын ишмердүүлүгү жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен кызматташуу тажрыйбалары тууралуу маалымат берип, санарип трансформация боюнча биргелешкен пландарды түзүү, мугалимдер үчүн окутуу программаларын уюштуруу, IT тематикасында онлайн сабактарды даярдоо жана башка биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызыгуусун билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүүнү санариптештирүү боюнча айтылган сунуштарды талдап, мындан ары кызматташтыкты улантууну макулдашты.








