Министрге академиянын материалдык-техникалык базасы, билим берүү жана илимий-практикалык ишмердүүлүктүн негизги багыттары, ошондой эле милиция кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу ыкмалары көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө көңүл заманбап билим берүү технологияларын колдонууга, окуу-методикалык ишти өркүндөтүүгө жана ведомстволук билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга бурулду.

Визиттин максаты

Сапар Кыргызстан менен Казакстандын укук коргоо ведомстволорунун ортосундагы кесиптик байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле ички иштер органдары үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган.