20-июлда Бишкекте өтүп кеткен жолугушууда Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева менен ОТГнин Генеральдык катчысы Кубанычбек Омуралиев билим берүү тармагында кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү алга жылдыруу, мүчө мамлекеттер арасында билим берүү системаларын жакшыртуу максатында биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу боюнча өз ойлорун бөлүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ОТГнун мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн негизги багыттарын талкуулашты жана алдыдагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алышышты.