Астанада өтүп жаткан киберкылмыштуулукка каршы эл аралык конференцияда Ички иштер министри Улан Ниязбеков жасалма интеллекттин өнүгүшү менен алдамчылык коркунучу күчөп жатканын билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Министр белгилегендей, алдамчылар акыркы убакта жарандарды алдоо үчүн заманбап технологияларды көбүрөөк колдонуп жатышат. Алар жасалма интеллекттин жардамы менен үндөрдү туурап, тааныш адамдардын жана уюмдардын атынан билдирүүлөр жөнөтүшөт, ошондой эле жасалма инвестициялык сунуштарды таратышат.

Мындай кылмыштарды ачуу трансчегаралык мүнөзү менен татаалдашууда. Кылмышкерлер өлкөдөн тышкары жерде болушу мүмкүн, чет элдик санариптик платформаларды, үчүнчү жактардын банк эсептерин жана ар кайсы мамлекеттердин каржы инструменттерин колдонушат.
Улан Ниязбеков, Ички иштер министри

Улан Ниязбеков укук коргоо органдарынын, банктардын жана байланыш операторлорунун ортосунда ыкчам кызматташуу зарылдыгын, ошондой эле аймактагы кесиптештер менен маалымат алмашууну убагында жүргүзүү керектигин баса белгиледи.