Элчилик ошондой эле Россиянын ыйгарым укуктуу органдарына окуянын жагдайын текшерүү, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана мыйзамга ылайык жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылды.

Дипломаттар Элистан Токтогуловдун жакындары менен тыгыз байланышта. Ведомстводо кырдаал көзөмөлдө экени, зарыл жардам көрсөтүү иштери уланып жатканы белгиленди.

Тышкы иштер министрлиги жарандарды келишимдерге жана башка документтерге кол коюудан мурун кылдат изилдөөгө, милдеттенмелерге жана укуктук кесепеттерге өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
КР ТИМ билдирүүсүнөн

Буга чейин, 4-ноябрда Манас айылында 21 жаштагы Элистан Токтогуловдун туугандары бийликке аны үйүнө кайтарууга жардам сурап кайрылышкан. Бир тууганы Баястан Куштарбек уулунун айтымында, жигит Instagram аркылуу Россиядан жумуш сунуштаган жарыя көргөн. Ага жүк ташуучу, күзөтчү же автослесарь болуп иштөө убада кылынып, айлык акысы 105 миңден 110 миң рублга чейин болмок.

Туугандары Россияга келгенден кийин аны алдап, коркутуп, Украинадагы согушка катышууга мажбурлап жатканын айтышууда.
Бир тууганы Баястан Куштарбек уулу

Министрлик кыргызстандыктардын чет өлкөдөгү укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүнү улантарын ырастады.