Бишкек, 02.11.2026-жыл. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ведомство жетекчиси Алмаз Имангазиев Анкарада өткөн ОТГнун XIII саммитинин алкагындагы үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча министрлер жолугушуусуна катышты.

Жолугушууда катышуучулар үй-бүлө институтун бекемдөө, балдарды коргоо, аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы социалдык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Алмаз Имангазиев министрлик сессияда сүйлөп жатып, үй-бүлөнү, энени жана атаны колдоо, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу жана балдарды тарбиялоого ыңгайлуу шарттарды түзүү Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктары экенин белгиледи.

Министр аялдардын лидерлиги маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал өлкөдө 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканын, ал эми шайлоо мыйзамдарындагы реформалардын натыйжасында Жогорку Кеңештеги аялдардын үлүшү мурунку чакырылыштагы 22%дан 33%га жеткенин айтты.

Жогорку Кеңештеги аялдардын үлүшү

33%учурдагы чакырылышта
22%мурунку чакырылышта

Министр ошондой эле түрк мамлекеттери үчүн жалпы чакырыктарды белгиледи: демографиялык өзгөрүүлөр, жаш үй-бүлөлөрдү колдоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, киберзомбулукка каршы күрөшүү жана балдардын санариптик чөйрөдөгү коопсуздугун камсыздоо.

Алмаз Имангазиев Түркиянын ОТГнун үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча кеңешин түзүү демилгесин колдоп, тажрыйба алмашуунун, биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуунун жана жалпы максаттарга жетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.