Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча макулдашуунун алкагында кыргызстандык жаранга Түркияда пенсия чегерилди. Бул окуя эки мамлекеттин кызматташтыгынын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.
Социалдык фонддун маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы келишим 2020-жылдын 1-ноябрында күчүнө кирген. Аталган документ жарандардын иштөө стажын социалдык төлөмдөрдү дайындоодо эске алууну карайт.
Бүгүнкү күнгө чейин келишимди ишке ашыруунун алкагында түрк тараптан Кыргызстандын жарандарынын иштөө стажын тастыктоо боюнча 418 суроо-талап келип түшкөн. Бул кайрылуулардын баары каралып, аларга тиешелүү жооптор берилген.




