Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна анын 25 жылдыгы болгон жылы төрагалык кылууда. Өлкөбүз үчүн бул чоң сыймык жана жогорку жоопкерчилик гана эмес, ШКУнун негизги принциптерин жана баалуулуктарын өнүктүрүүгө жаңы дем берүүчү тарыхый мүмкүнчүлүк.

Бул тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев ШКУ-2026 ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунун ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Бүгүнкү жолугушуу биздин төрагалыгыбыздын алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири. Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринен жана өнөктөштөрүнөн 26 өлкөнүн 250гө жакын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте чогулуп, форумга катышып жатышы биздин жалпы маалыматтык, аналитикалык жана гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуп жатканыбыздын айкын далили. Учурдагы форум жаңы идеяларды иштеп чыгуу, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болуп, бүткүл аймагыбыздын туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот деп ишенем.
Медербек Шерметалиев

«Кабар» УКМАнын директору дүйнө болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен өзгөрүп жатканын белгиледи. Санариптик технологиялардын өнүгүшү маалымат алмашууну бир топ жеңилдеткени менен, ошол эле учурда дезинформацияны, маалыматтык манипуляцияларды, киберкоопсуздукка коркунучтарды жана коомдук пикирге тышкы таасирди жайылтууга байланыштуу жаңы чакырыктарды күчөттү.

Мындай шарттарда жоопкерчиликтүү журналистика, кесипкөй аналитика жана фактыларга негизделген маалымат саясаты чечүүчү мааниге ээ.