Кыргызстан Түркияга өз жарандары үчүн ID-карталар менен кирүүгө жана чыгууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирип, демилге боюнча азырынча Түркия тараптан расмий жооп жок экенин белгиледи.
Кулубаев бул маселени өзүнүн Анкарага болгон расмий иш сапарында көтөргөн. Ал Түркиядагы кыргыз дипломаттарын Стамбул жана Анкарадагы кесиптештери менен биргеликте бул багытта иш алып барууга чакырды.
Ошондой эле министр Кыргыз жарандары үчүн Түркиядагы ВНЖ документтерин даярдоонун кымбаттыгын азайтуу маселесин да көтөрдү. Учурда бул кызмат 320 долларга бааланып, айрым башка өлкөлөрдүн жарандарына арзаныраак берилет.
Азырынча кыргыз жарандары Түркияга эл аралык паспорт менен кирип-чыгышат. Паспорттун жарактарлык мөөнөтү кеминде 150-180 күн болушу зарыл. Визасыз режимде кыргызстандыктар Түркияда 90 күн, кээ бир учурларда 6 айга чейин болууга уруксат берилет.














