Акыркы эки жыл ичинде Кемин районундагы тез медициналык жардам унааларынын айдоочуларына жалпы суммасы 60 миң сомдон ашык айып пул жазылган. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева парламенттин жыйынында билдирди.
60 000 сомдон ашык айып пулдардын жалпы суммасы
Кемин районундагы тез жардам унааларынын айдоочуларына жазылган сумма.
Депутаттын айтымында, мыйзам бузууларды автоматтык түрдө фиксациялоочу камералар тез жардам унааларынын шарттарын эске албайт. Өзгөчө кырдаал учурунда бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн унаалар тезирээк кыймылдап, ылдамдыкты ашырып кетиши мүмкүн.
Акимбаева мыйзамда өтө зарыл болгон учурларда жоопкерчиликтен бошотуу каралгандыгын эскертти. Бирок иш жүзүндө бул механизм толук кандуу колдонулбай жатат деп ал белгиледи.
Депутат Ички иштер министрлигине жазылган айып пулдарды текшерип, аларды чакыруу журналдары жана видеожазуулар менен салыштырууну суранды. Ошондой эле негизсиз чечимдерди жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүүнү жана мындай кырдаалдарды алдын алуу үчүн жаңы механизм иштеп чыгууну сунуштады.
Мындан тышкары, Гульнара Акимбаева Башкы прокуратурага бул маселени көзөмөлгө алып, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна көз салууну жана тиешелүү протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.








