Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысына кайрылган жарандардын сунуштары жана көйгөйлөрү боюнча иштер каралууда.
Текшерүү учурунда облус башчысы Мамыржан Рахимов алгач Кадамжай районундагы Баяман Баатыр мал базарына барды. Ал жерде соода жүргүзүүгө шарт түзүү жана базаранын учурдагы абалы, ишиндеги кыйынчылыктар талкууланды.
Андан соң Баткен районунун Ак-Турпак айылына барып, карьерге байланыштуу маселелер каралды. Бул жерде жергиликтүү тургундардын кызыкчылыгын сактоо менен көйгөйдү мыйзам чегинде чечүү жолдору изилденди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Мамыржан Рахимов тиешелүү жетекчиликке маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Айрым маселелер чечилгени, ал эми калган иштерди толук бүтүрүү боюнча аракеттер уланары белгиленди.














