Жогорку Кенештин пленардык жыйынынын жүрүшүндө депутат Уланбек Жаанбаев Ош — Иркештам автожолунда пайда болгон тыгындарды жоюу боюнча демилге көтөрдү. Анын айтымында, жүк терминалдарын Сары-Ташка которуу транзиттик ири машиналардын жолду ээлөөсүн азайтууга шарт түзөт.

Депутаттын маалыматы боюнча, Өзбекстанга бараткан транзиттик ири жүк ташуучулар жолдо чоң тыгындарды жаратып, элдин даттануусун жаратууда. Алай районунун тургундары бул жолдогу кептелиштерден абдан кыйналып жатышат.

Уланбек Жаанбаев мурунку долбоорго кайрылууну сунуштады. Бул долбоордун алкагында бардык учурдагы терминалдарды ошол жерге көчүрүп, транзиттик унааларды ал жерден каттоо каралган. Ошондой эле, транзиттик агымды «Достук» өткөрүү пункту аркылуу эмес, «Ынтымак» пункту аркылуу багыттоо сунушталды.