Ош шаарында жапон ишкер тарабынан сунушталган «акылдуу» светофорлорду орнотуу долбоору талкууланып жатат. Бул система жолдогу убакытты бир топ үнөмдөөгө шарт түзөт.
Ош шаардык ИИМдин Жол кыймылын башкаруу башкармалыгынын начальнисинин орун басары Тынар Исаев АКИ press-Ош тарабынан уюштурулган тегерек столдун алкагында бул тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бир ай мурун жапон ишкер шаарга келип, өз долбоорун шаар мэри менен талкуулаган.
Ишкер Абсамат Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнөн баштап Ош эл аралык аэропортуна чейинки аралыкты деталдуу изилдеп чыккан. Сунушталган долбоорго жалпысынан 10 светофорду киргизүү каралган.
Аэропортко баруу убактысы45 мүнөт17 мүнөт −62%
Бул технологиянын өзгөчөлүгү — ал транспорттук агымга жараша кыймылды өз алдынча жөнгө салат. Эгерде кайсы бир багытта унаа көп болсо, светофор ошол тарапты артыкчылыктуу өткөрөт. Ошондой эле, система автономиялуу энергия булактарына ээ, демек, электр энергиясы өчкөн учурда да иштеп турат.
Бирок долбоорду ишке ашырууда негизги тоскоолдук каржылоо маселеси болуп жатат. Бир кесилишке орнотула турган светофордун баасы 50 миң долларды түзөт.










