Бишкек — Ош трассасында Бишкек шаарына карай бара жаткан «Хендай Соната» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Укук коргоочулар унаанын жүргүүчүлөрү М. М. жана А. К. деген жарандардын жанынан баңгизаттардын чоң партиясын таап, алып коюшту.

Бул окуя Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Сатуу максатында баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз иштеп чыгуу») боюнча катталды. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Балыкчы — Казарман трассасынын 207-километриндеги Сары-Булун айылында да укук бузуулар катталган. Ал жерде үч эркектин жанынан баңгизат толтурулган кап жана курал табылган. Милициянын билдирүүсүнө караганда, айдоочу М. А. жана жүргүүчү Н. А. баңгизат ичкендиги медициналык текшерүүдөн тастыкталган.