Бакайбек Сатыбалдиевдин жеке менчигинде турган жер участогу айыл чарба багытындагы жерлерден калктуу конуштардын жерлери категориясына өткөрүлөт. Бул жерлерде көп кабаттуу турак жайларды жана жалпы билим берүүчү мектептерди куруу пландалууда.
Ош шаардык мэриясына аталган аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүнү, шаар куруучулук документтерди иштеп чыгууну жана бекитүүнү жеке каражаттардын эсебинен камсыз кылуу тапшырылды. Ошондой эле жерди пайдалануучу айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларын калыбына келтириши керек.
Жер ээси үч жылдын ичинде өзүнүн же инвестициялык каражаттардын эсебинен ушул жердин өлчөмүнө барабар болгон сугарылуучу айдоочу жерди иштеп чыгып, аны Мамлекеттик айыл чарба жерлеринин фондуна кошуп бериши шарт.
Эгерде жер белгиленген максатта пайдаланылбаса же башка максатта колдонулса, муниципалитет аталган аймакты алгачкы абалына келтирүү боюнча чараларды көрөт. Документте курулуш мөөнөтү, көп кабаттуу үйлөрдүн саны жана долбоордун баасы көрсөтүлгөн эмес.











