Бишкек шаарында өлкө боюнча миңден ашык мектеп окуучусу катышкан илим жана технологиялар боюнча ILIM FEST – 2026 фестивалы болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаштар катышууда.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматованын билдирүүсүнө караганда, бул жылдагы фестиваль үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Ал катышуучулардын саны жана командалардын түзүмү тууралуу маалымат берди.
















