Ош облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шахмат боюнча Кубогунун облустук баскычы ийгиликтүү өттү. Бул мелдешке аймактын ар кайсы аймактарынан келген жаш оюнчулар катышып, өз деңгээлин көрсөтүштү.
Мелдеш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы №196 Жарлыгынын негизинде өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаттары — шахмат оюнун кеңири жайылтуу, жаштардын бул спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана потенциалдуу таланттарды издөө.
Мыкты оюн көрсөткөн уландар жана кыздар Кыргыз Республикасынын Президентинин шахмат боюнча Кубогуна катышуу үчүн тандалып, республикалык деңгээлде күч сынашат.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева катышты. Ал жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундардын ээлерин ыйгарым укуктуу өкүл Аманкан Кенжебаевдин жана өзүнүн атынан куттуктап, алдыдагы ийгиликтерге тилек билдирди.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча мыкты оюн көрсөткөн жаш шахматчыларга дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер тапшырылды.












