26-ноябрда өткөн Жогорку Кенештин жыйынында банк чөйрөсүндөгү жана интернеттеги алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча парламенттин токтомдорунун аткарылышы маселеси каралды. Бул талкуу учурунда депутат Гулшаркан Култаева киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык документтерге кошулуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат онлайн-насыя алуу маселесине да токтолуп, жаштардын көп учурда интернет аркылуу насыя алып, андан кийин акчасын көбөйтүүнү же жогорку киреше табууну убада кылган алдамчылардын курмандыгы болуп жатканын айтты.

Кылмыш иштери боюнча статистика

1171козголгон кылмыш иши
603токтотулган иштер

Гулшаркан Култаева кылмыш иштеринин статистикасына көңүл буруп, аталган маалыматтар боюнча козголгон иштердин жарымынан ашыгы күнөөлүү адамдарды аныктай албагандыгына байланыштуу токтотулганын белгиледи.

Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаеванын билдирүүсүнө таянса, Кыргызстан БУУнун киберкылмыштуулукка каршы конвенциясына кол койгон. Ал эми Будапешт конвенциясына мүчө болуу маселеси боюнча азыркы учурда атайын жумушчу топ иш алып барууда жана бул процесс Тышкы иштер министрлигинин катышуусунда жүрүп жатат.