Банктардагы жана интернеттеги алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча парламенттин токтомдорунун аткарылышы 26-ноябрь күнү Жогорку Кенеште каралды. Түзүлгөн системалардын натыйжалуулугу жана кылмышкерлерди кармоо көрсөткүчтөрү талаштуу талкууларга алып келди.

Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө башкармалыгынын өкүлү аткарылган иштердин жыйынтыгын билдирди. Анын маалыматы боюнча, акыркы 10 айдын ичинде алдамчылык менен байланышкан көптөгөн адамдар кармалган.

МВДнин 10 айлык жыйынтыгы

688адам кармалды
288 527 953сом кайтарылды

Мындай көрсөткүчтөргө карабай, депутат Айсара Абдибаева укук коргоо органдарынын ишине канааттанбагандыгын билдирди. Ал мамлекеттик органдардын тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасыздыгын белгилеп, «Сиздер иш-чараларды өткөрүп жатасыздар, бирок натыйжа жок» - деп айтты.

Алдамчылыктын алдын алуу үчүн түзүлүп жаткан антифроддук системанын абалы боюнча маалымат берилди. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мелс Аттокуров борборлоштурулган системанын түзүлүү процесси тууралуу токтолду.

Азыркы учурда коммерциялык банктардын көпчүлүгү өзүнүн жергиликтүү системаларын колдонууда. Борборлоштурулган система эки этаптан турат: биринчи этап — тиешелүү модулду иштеп чыгуу, ал жакында бүтөт. Экинчи этапта бардык банктарды бир системага бириктирүү пландалууда.