26-ноябрда Жогорку Кенештин жыйынында банк чөйрөсүндөгү жана интернеттеги алдамчылык кылмыштарына каршы күрөшүү боюнча парламенттин токтомдорунун аткарылышы маселеси каралды.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева киберкылмыштардын, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны өсүп жаткан учурда, Ички иштер министрлигинде квалификациялуу IT-адистердин жана тергөөчүлөрдүн жетиштүүлүгү боюнча суроо берди.
Ички иштер министрлигинин орун басары Эркебек Аширходжаев киберкылмыш менен күрөшүү боюнча өзүнчө башкармалык иштейрин жана анда тажрыйбалуу адистер кызмат кылып жатканын айтты. Ошондой эле аймактык бөлүмдөрдө киберкылмыштарды тергөөгө адистешкен жана дайыма квалификациясын жогорулатып турган тергөөчүлөр бар экенин белгиледи.
Депутат чет өлкөдөн иш алып барган алдамчыларга каршы кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады. Эркебек Аширходжаев Кыргызстандын чегинен тышкары жашаган кылмышкерлердин инсандыгын аныктоодо кыйынчылыктар жаралып жатканын билдирди.
Мындан тышкары, Жылдыз Эгенбердиева Россияда унааларды лизингге сатып алуу учурунда алдамчылыкка учураган кыргызстандык эмгек мигранттарынын кайрылуулары түшүп жатканын айтты.











