Банк чөйрөсүндөгү жана интернеттеги алдамчылык боюнча козголгон 1171 кылмыш ишинен 603ү токтотулган, ал эми сотко болгону 114 иш гана жеткенин Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсара Абдибаева айтты.
Формалдуу иш-аракеттерден конкреттүү натыйжаларга өтүү керек.
Ички иштер министрлигинин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов иштердин токтоп калышынын себебин кылмышкерлерди башка өлкөлөрдөн табуу мүмкүн эместиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында, кылмышкерлердин базалары Украинада, Малайзияда, Камбоджада же башка каалаган өлкөдө болушу мүмкүн жана алар үчүн чек ара жок.
Бийбосунов өткөн жылы ИИМде киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалык түзүлгөнүн жана Интерпол аркылуу Франциядагы борбор менен кызматташып жатканын белгиледи. Учурда чыгымдардын болжол менен 25%ы кайтарылып жатса, бирдиктүү антифрод-система ишке киргенден кийин бул көрсөткүчтү 100%га жеткирүү пландалууда.
Чыгымдарды кайтаруунун көрсөткүчү
Ал ошондой эле бул багытта тажрыйбанын жана кадрлардын жетишсиздигин моюнга алды. Бирок, алар кол шилтеп отурганын айтууга болбойт, деп кошумчалады.
Ал эми алдын алуу иштери боюнча 10 ай ичинде 9 миңден ашык профилактикалык материалдар таратылган.
Алдамчылык чалууларды бөгөттөө
ИИМ жана мобилдик операторлор
| ИИМ бөгөттөгөн | 58 337 даана |
|---|---|
| Чет өлкөдөн | 52 000 000 даана |
| Ич ичинен | 18 913 даана |











