Жогорку Кенештин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, Токтобубу Ашымбаева энергетикалык суусундуктардын жана тамак-аш продукцияларынын жүгүртүлүшүн изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп шайланды.
Комиссиянын орун басарлары Илимбек Кубанычбеков жана Жылдыз Садырбаева болушту. 11-ноябрда өткөн жыйындын алкагында комиссиянын секретариаттары жана андан аркы иш алып баруу форматы аныкталды.
Иштин негизги багыттарынын бири — балдарга жана жаштарга жеткиликтүү болгон энергетикалык суусундуктар менен тамак-аш продукцияларынын сапатын жана коопсуздугун изилдөө. Ошондой эле, бул тармактагы мамлекеттик жөнгө салуулардын натыйжалуулугу бааланат.
Андан сырткары, мектептер жана бала бакчалар үчүн органикалык продукцияларды мамлекеттик сатып алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Депутаттар мектептерге атаанчылыкка жөндөмдүү улуттук органикалык продукцияларды жеткирүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышат.
Бул убактылуу комиссия Жогорку Кенештин чечими менен 7-октябрда түзүлгөн. Анын милдети — продукциялардын коопсуздук жана сапат талаптарынын сакталышын текшерүү, мыйзам ченемдериндеги көйгөйлөрдү аныктоо жана мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо.




















