Кочкор—Макмал темир жолунун курулушуна 4 миллиарддан 5 миллиард долларга чейин каражат талап кылынат. Бул тууралуу 12-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин орун басары Бактылуу Момбеков билдирди.

СторисКочкор—Макмал темир жолунун курулушуна канча каражат керек?Слайддар: 6
  1. Кочкор—Макмал темир жолунун курулушуна канча каражат керек?
  2. Долбоордун маңызы. Кыргызстандын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн бириктире турган жаңы темир жол магистрали курулат.
  3. 236 чакырым — Кочкор—Макмал темир жолунун узундукту
  4. 4–5 млрд доллар — курулуш үчүн талап кылынган сумма
  5. Башка долбоорлор: Балыкчы—Кочкор аралыгындагы 63 чакырымдык темир жол бүткөн; Балыкчы—Чолпон-Ата багытында ТЭО иштелип жатат; Бишкектин түндүк айлана жолу 2027-жылга чейин бүтөт
  6. Учурдагы абал. Азыркы учурда долбоордун техникалык-экономикалык негизделишин жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат.
Бул стратегиялык долбоор өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бирдиктүү темир жол магистрали менен байланыштырат.
Бактылуу Момбеков, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин орун басары

Азыркы учурда долбоордун техникалык-экономикалык негизделишин (ТЭО) жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Бул темир жол 236 чакырым узундукка ээ болот.

Кочкор—Макмал долбоору

236чакырым (узундук)
4–5млрд доллар (чыгым)

Башка инфраструктуралык долбоорлор

Министрлик башка ири долбоорлордун абалы тууралуу да маалымат берди. Мисалы, Балыкчы—Кочкор аралыгындагы 63 чакырымдык темир жол курулуп бүткөн, ал эми Балыкчы—Чолпон-Ата багытындагы 86 чакырымдык участук үчүн ТЭО иштелип жатат.

  • Төө-Ашуу ашуусундагы «Келечек» альтернативдик туннели боюнча Министрлер Кабинети мамлекеттик өнөктөштү аныктады.
  • Бишкектин түндүк айлана жолунун (33 чакырым) курулушу 2025-жылы башталып, 2027-жылдын аягында бүтөт.
  • Суусамыр—Талас—Тараз жолунун 200 чакырымдык бөлүгүнүн 99 чакырымы Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен курулуп жатат.