Кыргызстандагы мектеп ашканаларында сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн сапатына жана коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүнү күчөтүү сунушталды. Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлдү.
11-ноябрда өткөн жыйындын алкагында депутат Сүйүнбек Омурзаков ата-энелердин көптөгөн даттанууларын белгилеп, мектептердеги тамактануу маселесине көңүл бурууну суранды. Ал мектеп ашканаларынын ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Эл өкүлү Агартуу министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, окуучуларга сунушталган азык-түлүктөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну чакырды. Анын айтымында, балдарды сапаттуу тамак-аш менен камсыздоо жооптуу мамлекеттик органдардын негизги милдеттеринин бири болушу керек.






