Жогорку Кенештин депутаты Суйунбек Омурзаков парламенттин жыйынында мектептердеги тамак-аш сатуу шарттарын көзөмөлдөө маселесин көтөрдү. Ал мектеп буфеттеринде балдарга ден соолукка зыян келтирүүчү газдалган суусундуктар, таттуулар жана башка продукциялардын сатылып жатканын белгиледи.
Депутаттын маалыматы боюнча, ата-энелер буфеттердеги азыктардын түрүнө жана алардын сакталуу шарттарына нааразы болушууда. Кээ бир ата-энелер балдардын баш оорусу жана тиштеринин бузулушу, анын ичинде кариес пайда болушун ушундай азыктардын колдонулушу менен байланыштырышууда.
Омурзаков мектеп буфеттериндеги ассортиментди жана санитардык нормалардын сакталышын текшерүү үчүн ата-энелердин катышуусу менен атайын комиссия түзүүнү сунуштады. Текшерүү учурунда кандай азыктар сатылып жатканы, алардын сакталуу тартиби жана санитардык талаптардын аткарылышы каралуу керек.
Ал Билим берүү жана илим министрлиги бул маселеге көңүл буруп, окуучулардын ден соолугун коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүшү зарыл экенин баса белгиледи.











