Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл аймагында инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Айыл өкмөт башчысы Санат Зарипбек уулу аймактагы курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Иш сапардын алкагында бир нече объект каралды. Таштак айылындагы Маруфий көчөсүндө селден коргоочу курулманын курулушу, Шарк айылындагы Низамов көчөсүн асфальттоо, ошондой эле Таштак айылындагы Биримдик көчөсүндөгү иштер текшерилди.
Айыл өкмөт башчысы курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурду. Ал иштерди мөөнөтүндө жана жогорку сапатта бүтүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Бул иш-чаралар айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртууга, жолдорду оңдоого жана жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.






















