Насыялардын шарттары

Министрликтин маалыматы боюнча, насыялар жылдык 2-6 пайыздык үстөк менен 3 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Ошондой эле 6 айдан 12 айга чейин жеңилдетилген мезгил каралган. Насыяларды субсидиялоого 1 миллиард 198 миллион сом бөлүнгөн.

Жалпы каржылоо

12,6 млрдсом жеңилдетилген насыя
10 599насыя алуучу
8мамлекеттик программа
2–6%жылдык пайыз

Аймактар боюнча бөлүштүрүү

Мамлекеттик колдоо өлкөнүн бардык облустарын камтыды. Каржылоонун эң чоң көлөмү Чүй облусуна багытталды — 3 миллиард 798,6 миллион сом. Калган аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:

Келечектеги пландар

Учурда 2027-жылы айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жалпы көлөмү 20 миллиард сомду түзгөн беш жеңилдетилген каржылоо долбоорун ишке ашыруу сунушталып, каралып жатат. Бул демилге секторду мындан ары да колдоону камсыз кылууга багытталган.