Чүй облусунда курулуш объекттеринде мыйзам талаптарын, курулуш нормаларын жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча рейддик иш-чаралар уланууда. Бул боюнча Курулуш министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаментинин Чүй облустук башкармалыгы текшерүүлөрдү жүргүздү.
Текшерүү учурунда төмөнкү объекттер көзөмөлгө алынды:
- «Кара-Жыгач» конушундагы 12 кабаттуу көп функционалдуу комплекс
- Байтик айылы, Раимбеков көчөсү, 26 дарегиндеги төрт кабаттуу турак жай
- Беш-Күнгөй айылы, Ж. Сагындыков көчөсү, 13 дарегиндеги беш кабаттуу турак жай
Инспекция учурунда курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын, курулуш нормаларын жана техникалык коопсуздук эрежелерин бузуулар аныкталган. Бул мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жооптуу тараптарга көрсөтмөлөр берилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы
Айрыкча белгиленгендей, айып пулдар «СК «Моноблан», «Нур Глобал строй» жана «БРК Байтик» ЖЧКларына салынды. Курулуш министрлиги курулуш иштерин жүргүзүүдө шаар куруу нормаларын жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоо зарыл экенин эскертти.











