Кыргызстанда жылдын аягына чейин 47 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маалымдады.

«100 өнөр жай ишканасы» долбоорунун алкагында өнүгүү динамикасы туруктуу бойдон кармалууда. Өткөн жылдары жана азыркы учурда инвестициялардын көлөмү кескин өсүп жаткандыгы байкалууда.

119ишкана (2025-жылы)
715,7 млндоллар (инвестиция)
71ишкана (2026-жылга чейин)
1,89 млрддоллар (инвестиция)

Жаңы ишканалардын тизмеси

Бул жылы ишке кирген ири долбоорлордун арасында шиналарды кайра иштетүүчү завод, түтүктөрдү чыгаруучу цех жана логистикалык борборлор бар.

1,9 млрдсом (Токмокдогу шина завод)
700 млнсом (Ивановкадагы түтүк завод)
218 млнсом (Манастагы металл конструкциялар)
150 млнсом (Балыкчыдагы логистикалык борбор)

Адылбек Касымалиевдин айтымында, жылдын аягына чейин текстиль комбинатынын алгачкы этаптарын, жемиш-жашылча продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды жана Кочкор-Атадагы мунай иштетүүчү заводду ишке киргизүү пландалууда.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчтөрү

Өнөр жай өндүрүшү799,7 млрд сом770,9 млрд сом −3,6%

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өсүш тенденциясын көрсөтүүдө. 2025-жылы өндүрүш 10,6%га көбөйгөн болсо, 2026-жылдын январь-октябрь айлары аралыгында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2%га жогорулаган.