КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан инвентаризация жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кум-шагыл аралашмасын казып алуу жана кайра иштетүү менен алектенген объектилер камтылды. Алардын катарында бетон аралаштыруучу түзүлүштөр (БАТ), майдалоочу-сорттоочу түзүлүштөр (МСТ), эритме-бетон түйүндөрү (ЭБТ) жана кирпич заводу бар.
Текшерүүнүн жыйынтыгы
18 объектинин ичинен 7өө мыйзамдуу негизде иш алып барышат. Калган объектилерде шаар куруу жана архитектура тармагындагы мыйзамдардын сакталышы, ошондой эле тиешелүү долбоордук жана уруксат берүү документтеринин бар-жогу текшерилди.
Аныкталган бузуулар боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге административдик чаралар көрүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 1 000 000 сомду түздү.
Мындан тышкары, «Сэнд», «Авира Групп», «Масер Микс», «Вайлер Строй» жана «Жагалман» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгү каралды. Калган объектилерде текшерүү иштери уланууда.












