Кызыл-Кыя шаарындагы Нигматулин көчөсүндө курулуп жаткан алты кабаттуу турак үйдүн объектиси текшерилди. Текшерүү учурунда курулуш иштеринин этаптарын кабыл алуу белгиленген тартипте жана мөөнөттө таризделбегендиги аныкталган.

200 000 сом айып пул

«Кызыл-Кыя Курулуш» ЖЧКсына салынган сумма

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин билдирүүсүнө ылайык, мыйзам бузуулар үчүн «Кызыл-Кыя Курулуш» ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле компанияга табылган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.