Бишкек шаарындагы таштандыларды иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында жаңы ири объект курулат. Бул долбоордун алкагында курула турган ишкана биринчи заводго караганда эки эсе чоң болот.

Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, жаңы заводдун негизги максаты энергия коопсуздугун бекемдөө жана таштандылардын көлөмүн азайтуу.

Жаңы заводдун көрсөткүчтөрү

60МВт кубаттуулук
2000тонна таштанды (суткасына)
Бул ишкана биринчи заводдон эки эсе чоң болот, бул 60 МВт кубаттуулукка ээ электр станциясын камсыз кылууга жана суткасына 2 миң тонна таштандыны жок кылууга мүмкүндүк берет.
Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы

Эскерте кетсек, 2025-жылы шаарда биринчи таштанды иштетүүчү завод ишке кирген. Ал 30 МВт электр энергиясын чыгаруу менен борбор шаардын энергия тармагын кошумча кубаттуулук менен камсыз кылууга жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.

Өкмөт башчысынын белгилегендей, гидроэнергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү иштери энергиялык коопсуздукту чыңдоо үчүн алдыга карай улантылат.