Ысык-Көл облусунда 15-ноябрда курулуш чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарынын аткарылышын текшерүү максатында рейд жүргүзүлдү. Текшерүү иштеринде 23 курулуш объектиси каралды деп билдирди Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги.

Министрликтин алдындагы Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаментинин директору Марат Акназаров тарабынан жүргүзүлгөн бул текшерүүнүн максаты — курулуш-монтаждоо иштеринин бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүрүшүн, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө болгон. Ошондой эле тармакка киргизилген жаңы талаптардын аткарылышы каралды.

Текшерилген негизги объекттер

  • Кара-Ой айылындагы «Турпан Парк» эс алуу борборунун апартаменттери, коттедждери жана кафеси («Турпан Строй» ЖЧК);
  • Кара-Ой айылындагы апартаменттер жана кафе («Турпан Строй» ЖЧК);
  • Сары-Ой айылындагы «Терма» мейманканасы («СК Авангард Групп» ЖЧК);
  • «Фонтан Плюс» эс алуу зонасындагы мейман үй деңгээлиндеги үйлөр жана коттедждер («Турпан Строй» ЖЧК);
  • «Алтын-Кум-Плюс» эс алуу борборунун курулушу («Турпан Строй» ЖЧК);
  • Кара-Ой айылындагы «Турпан» эс алуу борборунун көп кабаттуу имараттары («Турпан Строй» ЖЧК);
  • Кара-Ой айылындагы «Турпан Резорт» административдик комплекси («Турпан Строй» ЖЧК);
  • Кара-Ой айылындагы «Турпан Резорт-2» эс алуу борбору («Турпан Строй» ЖЧК);
  • Тамчы айылындагы 10 төрт кабаттуу имарат («Елизавета» ЖЧК);
  • «Форте Вилладж» эс алуу борборунун коттедждери («Турпан Строй» ЖЧК)