Чүй облусунда көзөмөл органдарынын кызматкерлери рейд өткөрүп, аңчылык эрежесин бузган эки жаранга айып салышты. Бул тууралуу Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламудун району боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы билдирди.

Рейд аймакта кыргоолдорду атып жатышканы тууралуу жарандардын кайрылууларынын негизинде уюштурулган. Текшерүү учурунда Төмөнкү Чүй айылына жакын талааларда аңчылык кылып жүргөн эки адам кармалган.

Кызматкерлер алардын аңчылык ишине керектүү документтерин текшеришкен. Текшерүүнүн жыйынтыгында жарандарда аңчылыкка мыйзамдуу уруксат кагаздары бар экени, бирок аңчылык учурунда джек-рассел-терьер породасындагы итти колдонууга атайын уруксат жок экени аныкталган.

Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык эки протокол түзүлүп, жарандарга жалпысынан 25 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

25 000 сом Жалпы айыптын суммасы

Аңчылык эрежесин бузган эки жаранга жалпысынан 25 миң сом айып салынды.