Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы жарандардын аталган аймакта кыргоолдорду мыйзамсыз атып жаткандыгы тууралуу кайрылууларынан кийин рейд жүргүзгөн.
Рейд учурунда Төмөнкү Чүй айылынын четинде аң уулап жүргөн эки жаран аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жарандарда аң уулоого мыйзамдуу уруксат кагаздары бар экени, бирок джек-рассел-терьер породасындагы итти аң уулоодо колдонууга тиешелүү уруксат жок экени аныкталган.
- Бул факт боюнча эки протокол түзүлгөн.
- Жарандарга жалпы суммасы 25 миң сом айып салынган.
25 000 сом Жалпы айып суммасы
Эки аңчыга салынган айыптын жалпы суммасы 25 миң сомду түздү.























