Чолпон-Ата шаарында «Борбор» эс алуучу борбору жана «Алтын-Кум» пансионатынын аймагында мыйзамсыз курулуш объектилерин демонтаждоо жүрүүдө.

Мэриянын аппарат жетекчиси Мыктыбек Сатаровдун билдиришинче, шаардык жана мамлекеттик архитектуралык курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы курулуш ээлерине бир нече ирет мыйзамсыз объектилерди ыктыярдуу түрдө алып салуу боюнча эскертүүлөр жөнөткөн.

Азыркы учурда демонтаждалуучу объекттердин саны 20га жакын болуп, бул чаралар шаардагы мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган.