Бишкек шаарында Садырбаева жана Масалиева көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз курулган объекттер алынып салынууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул иш-чара жер мыйзамдарынын талаптарын бузган уюмдарга жана жеке ишкерлерге карата иш-чараларды күчөтүү максатында уюштурулду. Мыйзамды бузгандарга жалпы суммасы 180 миң сомдук протоколдор түзүлгөн.
Ошондой эле, жер мыйзамдарына ылайык, муниципалдык жерди мыйзамсыз пайдалануу үчүн төлөм эсептелди.
Демонтаждоо иштери аяктагандан кийин, шаар бийлиги 2 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер аянтын толук бошотот.
Мэрия ишкерлерге жер мыйзамдарын так сактоого, муниципалдык жерлерди мыйзамсыз басып алып калбоого жана берилген жер тилкелеринин чегинен чыкпоого чакырууда.












