Чолпон-Атада жылуулук пункттарына күн панелдерин жана жылуулук насостарын орнотуу боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин биринчи орун басары Курсант Омурбеков «Биринчи радиодо» билдирди.
Долбоордун алкагында муниципалдык объекттер энергия менен камсыздоонун өз алдынча циклинө өтөт. Күн панелдери тарабынан иштелип чыккан электр энергиясы жылуулук насостарын иштетүүгө, жарыктандырууга жана жылуулук пункттарынын башка муктаждыктарын жабууга жумшалат.
Биз өз алдынча камсыздоо циклине өтүп жатабыз. Объект күн аркылуу электр энергиясын өз алдынча иштеп чыгып, өзүн жылуулук жана жарык менен камсыз кылат. Бул мамлекеттин жылдык чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.
Бул пилоттук долбоорду Энергетика министрлигине караштуу бир ишкана ишке ашырат. Ошондой эле ведомство күн панелдерин жана жылуулук насостарын калкты үчүн жеткиликтүү кылуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууда.
Курсант Омурбековдун айтымында, өз үйүнө күн панелдерин орноткон жарандар ашыкча электр энергиясын энергия компанияларына сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.










