Кыргызстан өкмөтү Каракол шаарынын мэриясына жалпы аянты 15 361,2 чарчы метр (1,5 гектардан ашык) жер участогун жеке менчикке өткөрүп берүүнү бекитти. Бул жөнүндө тиешелүү буйрук №508-т 2026-жылдын 7-июлунда кабыл алынган.
Жер участогу Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында, Ч. Валиханов көчөсү, 79 дарегинде жайгашкан. Ал жерде азыркы тапта көмүр сатуу борбору болуп саналган административдик имарат жайгашкан.
Кабыл алынган документке ылайык, жер участогу менен бирге ушул аянттагы курулуштар жана имараттар да мэриянын ээлигине өтөт. Бул кадам мамлекеттик мүлктү эффективдүү пайдаланууга шарт түзүү менен бирге Каракол шаарындагы социалдык жана турак жайлык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.
Өкмөттүн тиешелүү агенттигине мэрияга участокту өткөрүп берүү тапшырылган. Каракол мэриясына жер участогун кабыл алуу, аны коргоо, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана жер тилкесин көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонуу сунушталууда.
Ошондой эле мэрияга мамлекеттен берилген бул жер участогун башка жактарга өткөрүп берүү же көзөмөлдү жоготууга алып келүүчү келишимдерге барбоо боюнча сунуш берилди. Жер участогуна кылдат мамиле кылуу жана материалдык техникалык кызматтарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо пландаштырылууда.















