Бишкек шаары ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына активдүү даярданууда. Шаардын борбордук бөлүгүндө жолдор оңдолуп, имараттардын фасаддары жаңыланып, электр зымдары жер алдына алынууда.

Бирок, айрым шаар тургундары бул иштерге нааразы: алар балкондордун алдын ала эскертүүсүз бузулуп, кондиционерлердин которулушуна нааразычылыгын билдиришүүдө. Башкалары болсо шаарды көрктөндүрүү иштерин колдошот, бирок анын жогорку даражалуу коноктордун келишине байланыштуу убактылуу гана акция болуп калышы мүмкүн деп кооптонушат. Ошол эле учурда бийлик иш-чаралар өткөрүлгөн маалда жашоочулардан мүмкүн болсо борбор калааны таштап кетүүнү суранууда.

Балкондорду бузуу: мыйзамдуулук жана нааразычылык

Жогорку даражалуу конокторду тосуп алууга даярдыктын биринчи кадамы балкондорду бузуу болду. Айрым шаардыктар бул иш мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн, мэриянын подрядчиктери эч кандай эскертүү бербестен, түз эле батирлерге кирип, балкондорду бузганын айтышкан.

Бишкек мэриясы өз кезегинде борбор калаада “мыйзамсыз курулган балкондорду демонтаждоо” иштери жүрүп жатканын билдирди. Алардын айтымында, объектилер тандалып алынган жок. Буга чейин муниципалитеттин кызматкерлери тиешелүү кызматтар менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүзүп, мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, иш башталганга чейин адистер текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныкташкан. Бийлик ошондой эле шаардык кеңештин имараттардын фасаддарынын көрүнүшүн өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салган токтомуна таянууда.

Бирок, бардыгы эле мыйзамдын мындай чечмеленишине макул эмес.

Эгерде эч кандай эскертүүсүз демонтаж жүргүзүлгөн факты болсо, анда...
Юрист жана Бишкек шаардык кеңешинин 28-чакырылышынын депутаты Дамира Жолдошалиева

Жолдошалиеванын айтымында, балкондорду демонтаждоо мыйзамда каралган тартипте гана жүргүзүлүшү керек.