Синоптиктердин маалыматы боюнча, Чолпон-Ата шаарында 25-июлдан 31-июлга чейинки аба ырайы туруксуз болот. Кээ бир күндөрү жаан-чачын жана күн күркүрөөсү күтүлсө, башка күндөрү ачык аба ырайы да болжолдонгон.

Күнүмдүк аба ырайынын болжолу

25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, бирок күндүз кыска мөөнөттүү жаан жана күн күркүрөөсү болушу мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +22…+24 градус болот.

26-июлда түнкүсүн да, күндүз да кыска мөөнөттүү жаан-чачын жана күн күркүрөөсү күтүлөт. Температура түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +23…+25 градуска жетет.

27-июлда ачык аба ырайы болжолдонууда. Түнкү температура +13…+15 градус, күндүз +22…+24 градус болот.

28-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жана күн күркүрөөсү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +23…+25 градус.

29- жана 30-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок күндүз кыска мөөнөттүү жаан жана күн күркүрөөсү болушу мүмкүн. 29-июлда түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+26 градус болсо, 30-июлда түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26 градус болот.

31-июлда жаан-чачын болжолдонбойт. Түнкү температура +14…+16 градус, күндүз +25…+26 градус жылуу болот.