Бишкектеги аба ырайы
10-август, дүйшөмбү күнү түнкүсүн абанын температурасы +19…+21 °C болуп, өзгөрүлмө булуттуу болот. Күндүз +34…+36 °C болуп, жаан, күн күркүрөшү мүмкүн.
11-август, шейшембиде түнкүсүн +20…+22 °C, өзгөрүлмө булуттуу. Күндүз +35…+37 °C, булуттуу аба ырайы күтүлөт.
12-август, шаршембиде түнкүсүн +19…+21 °C, өзгөрүлмө булуттуу. Күндүз +35…+37 °C, өзгөрүлмө булуттуу аба ырайы болот.
13-август, бейшембиде түнкүсүн +21…+23 °C, өзгөрүлмө булуттуу. Күндүз +36…+38 °C, булуттуу аба ырайы күтүлөт.
14-август, жума күнү түнкүсүн +22…+24 °C, өзгөрүлмө булуттуу. Күндүз +36…+38 °C, булуттуу болот.
15-август, ишемби күнү түнкүсүн булуттуу, абанын температурасы +22…+24 °C. Күндүз өзгөрүлмө булуттуу, абанын температурасы +35…+37 °C болушу болжолдонууда.
16-август, жекшемби күнү түнкүсүн өзгөрүлмө булуттуу, абанын температурасы +21…+23 °C. Күндүз өзгөрүлмө булуттуу, абанын температурасы +35…+37 °C болору болжолдуу.
Кыргызстан боюнча 10-августка карата аба ырайы
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 10-августтун түнүндө Нарын облусунун көпчүлүк аймагында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, ошондой эле Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан, күн күркүрөшү күтүлөт. Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаашы мүмкүн.
Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана өлкөнүн калган бөлүгүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан, күн күркүрөшү күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаашы ыктымал.




















