Бишкектин Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасында бир нече оюн зоналары сынып калган. Бул тууралуу 24.kg басылмасынын окурмандары кабарлашты.

Кээ бир тепкичтер, өтмөктөр, тоскоолдук тилкелери жана рукоходдор такыр жараксыз абалга келген — алар сынып, балдардын жаракат алышына себеп болушу мүмкүн. Бул жерде сынган селкинчектер да алмаштырылган эмес — бир нече ай өттү.
24.kg окурмандарынын билдирүүсүнөн

Окурмандардын айтымында, бул оюн зонасына күн сайын кичинекей балдарды алып келишет, бирок учурда ал балдардын ден соолугуна коркунуч туудурууда.

Ата-энелер муниципалитеттен оюн элементтерин мүмкүн болушунча тезирээк оңдоону же алмаштырууну суранышууда, анткени алар балдарга зыян келтириши мүмкүн.

Эске салсак, июль айында окурман кыз бул оюн зонасынын «коркунучтуу абалы» тууралуу кабарлаган. Анын айтымында, аянтча ачылгандан берки бир жыл ичинде эч жуулбаган жана санитардык тазалоодон өткөрүлбөгөн. Сүрөттөргө караганда, ал азыр деле жуулбаган бойдон калууда.