Сокулук районунун тургуну Президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда маанилүү маселени көтөрдү. Анын айтымында, беш жыл мурун суу скважинасын куруу үчүн каражат бөлүнгөнү менен, азыркы учурга чейин курулуш иштери башталган эмес.

Беш жыл мурун каражат бөлгөнсүз, бирок скважина ушул күнгө чейин курулган жок
Сокулук районунун тургуну

Талкуу учурунда долбоордун ишке ашырылбай жатканына уюштуруу маселелери жана тендердик жол-жоболор себеп болгону белгиленди. Тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү учурда документтерди даярдоо жана подрядчы уюмду аныктоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Садыр Жапаров бул маселе беш жыл бою чечилбей келе жаткандыгына нааразылык билдирди. Ал кечигүүнүн так себептерин аныктап, иштердин аткарылуу мөөнөтү боюнча так маалымат берүүнү талап кылды.

Ошондой эле мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын жана долбоордун ишке ашырылышын катуу көзөмөлгө алуу тапшырылды.