Жогорку Кеңештин төрагасы Медербек Сатыев 7-ноябрь — Кыргыз Республикасынын Басма сөз жана маалымат күнү менен маалымат тармагынын кызматкерлерин куттуктады. Бул күн журналисттердин, редакторлордун жана кабарчылардын коомго акыйкатты жеткирүү үчүн жасаган эмгегин баалоо күнү экенин белгиледи.

Маалымат — коомдун өнүгүүсүнө багыт берген, адамдардын дүйнө таанымын калыптандырган жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы ишенимди бекемдеген маанилүү күч.
Медербек Сатыев

Сатыевдин айтымында, маалыматты так, ишенимдүү жана өз убагында жеткирүү чоң жоопкерчиликти, терең билимди жана кесипкөйлүктү талап кылат. Журналистика жөн гана маалымат таратуу эмес, бул — коомдун үнүн угуу жана маанилүү маселелерди көтөрүү миссиясы.

Ошондой эле ал демократиялык коомдо сөз эркиндиги, маалыматтын ачыктыгы жана ар түрдүү пикирлердин болушу маанилүү шарт экенин кошумчалады. Мындай шартта журналисттин ар бир материалы коом алдындагы жоопкерчилик менен коштолушу керек.