Президент Садыр Жапаровдун Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 7-ноябрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жергиликтүү калк менен жолугушту. Түздөн-түз жолугушууда аймактын тургундары билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Жергиликтүү жарандар мектептердин жана кесиптик лицейлердин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн зарылчылыгын белгилешти. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жалпы абалын жакшыртуу жана тармактагы башка маселелер боюнча өз сунуштарын билдиришти.

Министр Догдуркүл Кендирбаева кабыл алынган өтүнүчтөрдү угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берди.