Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен болгон жолугушууда бир жаран өз үйүн банкка күрөөгө коюп, насыяны төлөй албай, үйүнөн ажырап калганын айтып, Президентге кайрылды.
Аталган жарандын айтымында, ал 2023-жылы жылдык 31 пайыздык чен менен 440 миң сом насыя алган. Бул каражаттын эсебинен үй куруу үчүн 50 миң даана кирпич сатып алган, бирок кийинчерээк карызды төлөөгө каражат таба албай калган.
Насыянын шарты жана жарандын абалы
Садыр Жапаров насыя алууда пайыздардын деңгээлин жана аны кайра төлөө мүмкүнчүлүгүн так эсептөө зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, 31 пайыздык чен менен үй куруу үчүн акча алуу кийинчерээк төлөөдө оор кыйынчылыктарды жаратат.
Кредит – бул акысыз акча эмес. Эгер акча алсаңыз, аны ишке ашырып, пайыздарды төлөөгө мүмкүндүк берүүчү киреше табуу керек. 31 пайыз менен насыя алып, аны үй курууга жумшап, анан кантип төлөөрүн ойлонуу кандай мүмкүн? Эгер 15 пайыз менен беришсе да, алууга туура келбейт. Акчаны туура колдонуу керек, кредитти оңой акча катары кабыл албоо зарыл.












